Жаңылыктар
ӨКМ: Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды
Кырсык
ӨКМ: Көкөмерен суусуна түшүп кеткен Абдылдаевдин аялынын сөөгү табылды

Издөө иштеринин натыйжасында, Көкөмерен суусуна түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн Аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин аялынын  сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, кечээ 10-июлда  издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын жалпы 102 куткаруучусу тартылып, саат 17:20да Арал айылынан 2-чакырым ылдый Көкөмерен дарыясынан аял кишинин жансыз денеси табылган.


Учурда маркумдун  уулу дайынсыз болууда. Буга чейин Абдылдаев менен анын айдоочусунун сөөгү, андан кийин небере кызыныкы табылган.


Эскерте кетсек, кырсык 30-июнда Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Ал эми ӨКМге билдирүү 2-июль күнү саат 10дор чамасында түшкөн. 

Маалыматта унаа ичинде беш киши болгону айтылган. Маркумдун кызы Индиранын айтымында, атасы 28-июнда Ат-Башыга апасынын эстелигин коюп, 30-июнда таңга маал Кожомкулдун 130 жылдыгы өтүүчү Суусамырга келе жаткан. 

Күбөлөр билдиргендей, унаа ташты сүзүп алгандан кийин тумшугу менен жардан ылдый сууга түшүп кеткен. Алгач үстүнө калкып чыккан унаадан кызыл кийимчен киши чыккан, андан кийин баарын суунун шары алып кеткен.