Жаңылыктар
Чиновниктер өздүк чыгашаларын ачыктоого милдеттендирилет
Саясат
Чиновниктер өздүк чыгашаларын ачыктоого милдеттендирилет

Кыргызстанда атка минерлер  кирешелери менен катар эле бардык чыгашалары тууралуу дагы маалымат берүүгө милдеттендирилет. Бул багытта мыйзам долбоору  Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер чыгашага  акча кайсы булактан алганы  тууралуу  маалымат берүүгө тийиш болот. Ал арада жергиликтүү серепчилер муну  коррупцияны азайтуу кадамы катары баалашып, буга чейин өнөктүк ар кандай амалдар менен коштолуп келгенин эске салышат.

Кыргызстанда мындан ары чиновниктердин кирешеси менен катар эле чыгашасы жөнүндө маалыматтар дагы чогултулмай болууда. Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоору  тууралуу Жогорку Кеңеште  Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек Момуналиев баяндама жасады. Анын айтымында, мындай чара коррупция менен күрөшүүдө оң натыйжаларды берет. Бул өнөктүккө жалпысынан Кыргызстан боюнча эки миңдей чиновник жана алардын жакын туугандары катышарын Декларация тапшыруу бөлүмүнүн  башкы адиси Жанара Иманалиева белгилейт. Адистин айтымында, Кыргызстанда айрым атка минерлердин кирешесинен чыгашасы көп болуп кеткен учурлар кездешет.

Өлкөдө  чиновниктердин кирешеси менен мүлктөрү тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү 11 жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бул аралыкта алар декларацияга чындыкка коошпогон маалыматтарды жазышып, эски авто унаасы менен үйүнөн башка эч нерсеси жок жупуну болуп чыга келишет. Андыктан бул жолу да  атка минерлер ар кандай амалдар менен мүлкү тууралуу чындыкка коошпогон  маалыматтарды –берсе таң калыштуу деле болбоорун эксперт Шерадил Бактыгулов айтат.

Негизи мыйзамда  мүлктөрүн туугандарына каттатып коюу жагы эске алынып, мамлекеттик кызматкерлердин жакындары дагы декларация толтурушу керектиги белгиленген. Бирок кандай болгон күндө дагы  кайсы чиновник кандай чыгаша кылып жатканы базага тактала бергени жоктон көрө жогору-деген оюн экономист Төлөнбек Абдыров билдирет.

Ошентип Кыргызстанда чиновниктер бардык чыгашалары тууралуу отчет берүүгө милдеттендирилмей болууда.  Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин отурумунда кароого алынып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”