Жаңылыктар
Швейцария инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр
Экономика
Швейцария инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга болгон расмий визитинин алкагында 10-июлда Берн шаарында Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы Швейцария менен эки тараптуу мамилелер Кыргызстан үчүн тышкы саясатта эле эмес, экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүүдө да артыкчылыктуу экенин белгиледи. Швейцария парламенттик демократияны курууда, жарандык коом институттарын бекемдөөдө, улуттук өнүгүү программаларын ишке ашырууда Кыргызстанга омоктуу колдоо көрсөтүүдө. 

Президент өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу жана ишкерлик менен алектенүү үчүн, өзгөчө чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кенен айтып, Кыргызстанда региондогу эң либералдуу фискалдык режим түзүлгөнүн кошумчалады.