Жаңылыктар
Сентябрга чейин бир катар салыктарды төлөөнү унутпаңыз
Экономика
Сентябрга чейин бир катар салыктарды төлөөнү унутпаңыз

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калгандыгын эскертет. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир жана жер салыгын төлөө зарыл.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Белгилей кетсек, быйылкы жылдан тартып мүлккө маалыматтык эсеп толтуруп, салык органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду. Мүлктүн менчик ээлери өздөрүнүн мүлктөрү тууралуу маалыматты юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар - 1-апрелге чейин жыл сайын тапшыруучу Бирдиктүү салык декларациясында гана көрсөтүшөт.

Кеңири маалыматты 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.