Жаңылыктар
“Бишкек” ЖЭБ боюнча соттук териштирүүлөр уланууда
Коррупция
“Бишкек” ЖЭБ боюнча соттук териштирүүлөр уланууда

“Бишкек” жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу соттук териштирүүлөр уланууда. Свердлов райондук сотундагы отурумда күбөлөр суралып жатат. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, “Электр станциялары” акционердик коомунун, мурдагы энергетика министрлигинин өкүлдөрү көрсөтмө беришүүдө. ЖЭБди оңдоп-түзөөгө байланышкан жемкорлук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде сегиз адам айыпталуучу деп табылган. 

Алардын катарында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев да бар. Тергөө ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деп эсептейт. Долбоор 111 миллион долларга ашыкча бааланганы айтылган.