Жаңылыктар
Араван районунда учурда 2 бала бакчанын курулушу башталды
Аймак
 Араван районунда учурда 2 бала бакчанын курулушу башталды

Быйыл жыл соңуна чейин, Ош облусунун аймагында курулушу республикалык бюджеттин каржыланган 15 социалдык объекти пайдаланууга берилет. Булар спорт зал, бала бакча, эмкана жана мектеп. Дубанда жалпы 70тей объектиде курулуш жүрүүдө. 132 миң калк жашаган Араван районунда учурда 2 бала бакчанын курулушу башталды. 

Алардын бири Нурабад айыл аймагындагы 60 орундуу бакчанын курулушуна капсула салынды. Бакчанын сметалык баасы 20 миллион сомго бааланган. Араван районунда азыркы тапта жалпы 55 мектепке чейинки балдарды тарбиялай турган уюм болсо, мунун үчөө жеке менчик тибинде. 

Балдардын бакчага камсыздалуусу өрөөндө 38 пайызды түзөт. Электрондук кезекте турган жеткинчектердин саны 8 миңдин тегерегинде. Жаңыдан курулуп жаткан социалдык мекемелер санариптештирүүнүн алкагында электрондук тейлөө ыкмасы киргизилген тартип менен пайдаланууга берилет.