Жаңылыктар
Жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат
Кылмыш
Жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Милиция кыргызстандыктарды социалдык тармактардагы провакациялык билдирүүлөргө алдырбоого чакырат. Чүй облустук милициясы жалган маалымат тараткандардын жоопкерчилиги болорун эскертүүдө. 

Чүй районундагы Чыгыш айылында 10-июль күнү эки коңшу экөөнүн ортосундагы мушташ тууралуу айрым жарандар туура эмес маалыматтарды соцтармактарда таратууда деп айтылат мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө. Милиция жарандарды провокациялык маалыматтарга алдырбоого үндөп, социалдык тармактарда жалган билдирүүлөрдү байкап калган учурда Ички иштер министрлигине кайрылууга чакырат.

Жалган маалымат таратуу кылмыш деп эсептелет жана ал Кылмыш кодексинин 344-беренесинин негизинде жоопко тартылат. Мыйзамды билбегендик, аны жоопкерчиликтен бошотпойт деп айтылат милициянын маалыматында.