Жаңылыктар
50 миң сомго сатылып кеткен ымыркайдын иши сотко өттү
Кылмыш
50 миң сомго сатылып кеткен ымыркайдын иши сотко өттү

2014-жылы 14-августа Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүнөн ымыркай уурдалып, 50 миң сомго сатылып кеткен факты боюнча тергөө иштери аягына чыгып, иш сотко өткөрүлүп берилди. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Нурлан Тагаевдин айтымында, аталаган төрөт үйүнүн медициналык кызматкерлери кылмыш-жаза кодексине ылайык «адам сатуу» жана “жасалма документтерди жасоо” фактылары боюнча жоопко тартылат.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун тургуну төрөт үйүнүн медициналык кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүлгөн келишим боюнча жаңы төрөгөн ымыркайын Орусиянын жаранына 50 миң сомго баалап, сатып жиберген.  Ошондой эле, керектүү документтер орусиялык айымдын атына мыйзамсыз түрдө төрөт үйүнүн кызматкерлери тарабынан жазылган.