Жаңылыктар
С.Жээнбеков: "Швейцарияга продукцияларды экспорттоону кеңейтүүбүз зарыл"
Экономика
С.Жээнбеков: "Швейцарияга  продукцияларды экспорттоону кеңейтүүбүз зарыл"

 

 "Биргелешкен инвестициялык долбоорлорду  ишке ашырып  Швейцарияга  продукцияларды экспорттоону кеңейтүүбүз зарыл".  Бул тууралуу Президент  Сооронбай Жээнбеков  Берн шаарында Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунда   билдирди.   Мамлекет башчы   өлкөлөр   ортосундагы   соода-экономикалык байланыштар  учурдагы потенциалга  туура келбей тургандыгын айтып, Кыргызстан Швейцария менен «ВСП+» статусунун  базасында  кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.


"Биз   Швейцарияга   экологиялык жактан  таза  ошондой эле сапаттуу  айыл-чарба  продуктыларын жана зер  буюмдарды  жеткирүүгө  даярбыз.   Эки өлкөнүн  кайра иштетүүчу  ишканалары менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы  туз байланышты  жолго коюу зарыл.  Бир гана тоскоолдук  -   бул    сертификациялоо  инфраструктурасынын жана кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Андыктан  биргелешкен ишканаларды, логистикалык  борборлорду   жана лабораторияларды  түзүүгө   чакырам" - деп белгиледи Президент.

 Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 10-июлунда Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурердин чакыруусу менен Швейцарияда расмий визит менен болду.   Бүгүн , 11-июлда болсо  Москвага кыскамөөнөттүү иш сапары менен барып,  Россиянын президентиВладимир Путин менен жолугушат.