Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 11-июлда болжол менен саат 04:36да Тажикстан Республикасынын аймагында катталган жер титирөө Ош облусунун, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында - 2 баллга чейин сезилген.