Жаңылыктар
Нарында сел үйлөрдүн короолорун каптады
Өзгөчө кырдаал
Нарында сел үйлөрдүн короолорун каптады

Нарын шаарында турак үйлөрдүн короолорун сел каптагандыгын  ӨКМи билдирди. 

Маалыматка ылайык, 10-июль күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттөгү  мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен арыктан ашкан  суу   турак-үйлөрдүн короолорун  каптаган.  

Ошондой эле  кечээ түштөн  кийин  кыска мөөнөттө жааган  жамгырдан кийин  кокту-колоттордон шагыл аралаш сел жүрүп, Бишкек—Нарын—Торугарт  жолунун  Ак-Бечел тилкеси бир тараптуу жабылган. Кечинде жол толугу менен тазаланды.