Жаңылыктар
Кыргызстан - Швейцария: бизнес жаатындагы кызматташтык мамилелер тереңдейт
Экономика
Кыргызстан - Швейцария: бизнес жаатындагы кызматташтык мамилелер тереңдейт

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга болгон расмий сапарынын алкагында бул өлкөнүн ири бизнес компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда соода экономикалык мамилелер, инвестиция тартуу жана өз ара кызматташтык мамилени тереңдетүү маселелери талкууланды. Жолугушууга кыргыз ишкерлери да катышты. Өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу баяндама жасалып, мындан сырткары Европага экологиялык таза азык-түлүк продукцияларын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

Президент менен жолугушууга Швейцариянын дүйнөгө таанымал, ири бизнес компанияларынын өкүлдөрү келишкен. Ошондой эле, Швейцариянын Бириккен соода палатасынын, Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын жетекчилери катышты.
Швейцария менен эки тараптуу мамилелер Кыргызстан үчүн тышкы саясатта эле эмес, экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүүдө да артыкчылыктуу. Мындай пикирин айткан президент өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртып, ишкерлик менен алектенүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүлүп жатканын белгиледи. Эң ириде Кыргызстанда аймактагы эң либералдуу фискалдык режим түзүлдү.  Президент Кыргызстанда экономиканын бардык секторлору инвесторлор үчүн ачык экенин өзгөчө белгиледи. Бирок, мындай мүмкүнчүлүктөргө карабастан Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү тиешелүү көлөмгө жете элек.

Швейцариянын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү ар кандай инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Алар санариптештирүү, сертификациялоо, финансы, энергетика, туризм, мунай кайра иштетүү, сүт азыктарын өндүрүү багытындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн айтышты. Швейцариялык ишкерлер жакын арада Кыргызстанга келүугө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Алардын бири-Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Швейцариянын Бириккен соода палатасынын ортосундагы өз ара кызматташтык документи. Кийинки документ Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти менен «Switzerland Tourism» Улуттук маркетинг уюмунун ортосундагы туризм чөйрөсү боюнча кызматташтык багытында кол коюлду.

Ал эми Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Цюрих Университетинин госпиталынын ортосундагы респиратордук, ички жана бийик тоолуу медицина, илим изилдөө чөйрөлөрүндө кызматташуу документи кыргыз дарыгерлерине эл аралык илимий тармакта тажрыйба алмашуусуна мүмкүндүк берет. Жолугушууну жыйынтыктап жатып президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда бизнеске жана инвесторлорго болгон тоскоолдуктарды жоюуга бардык чаралар көрүлүп жатканын дагы бир жолу белгиледи.
Жолугушууга кыргыз ишкерлери да катышып, өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу баяндама жасалды. Мындан сырткары Европага экологиялык таза азык түлүк продукцияларын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, алдыдагы кызматташтыктын негизги багыттары аныкталды.