Жаңылыктар
Жээнбеков Швейцариянын ири бизнес компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту
Экономика
Жээнбеков Швейцариянын ири бизнес компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга болгон расмий сапарынын алкагында бул өлкөнүн ири бизнес компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда соода экономикалык мамилелер, инвестиция тартуу жана өз ара кызматташтык мамилени тереңдетүү маселелери талкууланды. Жолугушууга кыргыз ишкерлери да катышты. 

Өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу баяндама жасалып, мындан сырткары Европага экологиялык таза азык-түлүк продукцияларын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү да каралды.