Жаңылыктар
Ишкер айымдарды колдоо аракети көрүлүүдө
Экономика
Ишкер айымдарды колдоо аракети көрүлүүдө

Өкмөт тарабынан ишкер айымдарды колдоо максатында насыя алуунун жол-жоболор жеңилдетилип жатат. Учурда бул багыттагы иштер колго алынды. Ошол эле учурда ишкер айымдарды колдоо боюнча атайын мамлекеттик программа иштелип да жатат. Бул өз кезегинде ишкер айымдардын көйгөйлөрүн талкуулап, маселе чече турган аянтчага айланмакчы. 

Он сегиз жыл мурда алты тигүүчү машинасы менен ишкерликти баштаган Гүлзат Жаналиева 2016-жылга чейин Орусияга айымдардын кийим-кечесинин бир эле түрүн экспорттоп келиптир. Эки жыл мурда бизнесин кеңейтүү үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алып, жаңы имарат салып, жумуш орундарын 100гө чейин көбөйткөн. Азыр өндүрүлгөн кийим кечелердин түрү көбөйүп, анын 95%ы Орусия менен Казакстанга экспортко чыгарылат.