Жаңылыктар
Өлкө башчы Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту
Саясат
Өлкө башчы Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга болгон расмий сапары аяктаганда бир күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарында болду. Сапардын алкагында ал Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул эки мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу, буга чейин салт болуп калгандай эки тараптуу форматта өттү.


Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Россиянын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында 2020-жылды кайчылаш жыл деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашышты. 


Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турчу  сессиясына даярдыктар талкууланды. ЖККУ Саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт.


Эске сала кетсек, 2017-жылдын 29-ноябрында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков алгачкы чет өлкөгө болгон сапарын Россия Федерациясына жасаган.


2018-жылдын  14-майында болсо, Сочи шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти  Владимир Путин менен жолугушуп, анда  Кыргызстан менен Россиянын ортосунда  кызматташуунун келечеги, ошондой эле ЕАЭБ алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланган.

Ошол эле жылы 14-июнда Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына иш сапары менен барып, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине да катышкан.