Жаңылыктар
Мекендешибиз Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону болду
Спорт
Мекендешибиз Мээрим Жуманазарова  Азия чемпиону болду

Мекендешибиз Мээрим Жуманазарова жаштар арасында Азия чемпиону болду. Мелдеш Таиландда өтүп жатат. 

Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык спортчулар эки күмүш утушкан. 11-июлда килемге эки кыз чыкты. Экөө тең финалга жетишип, 68 кг салмактагы Мээрим Жуманазарова япониялык спортчуну утуп чемпион болду. 

Ал эми 59 кг салмактагы Назира Марсбек кызы Индиялык спортчуга утулуп, күмүш медаль тагынды. Мээрим Жуманазарова 2018-жылы дагы Азиянын чемпиону болгон.