Жаңылыктар
Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды
Өзгөчө кырдаал
Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

Тиешелүү тапшырманы өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана калкты суу менен камсыздоо боюнча жыйында берди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов акыркы күндөрү Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Нарын обустарынын айрым тоолуу аймактарында сел жүрүшү көбөйгөнүн билдирди. 

Жер-жерлерде министрликтин кызматкерлери селдин кесепетин жоюу иштерин жүргүзүүдө. Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар учурунда бардык тиешелүү органдар ыкчам жана биргелешип иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

Биздин айыл жана шаарларды сел, жер титирөө, жер көчкүдөн коргоп, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу үчүн сапаттуу, комплекстүү иш аткарышыбыз керек. Жарандардын өрт жана суудагы коопсуздугуна, өзгөчө жаш балдардын коопсуздугуна көңүл бурууңуздарды өтүнөм. Туристтик сезондун активдүү этабынын башталышына байланыштуу, бардык курорттук аймактарында жана башка көп эл чогулган жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Элдин коопсуздугу алдын алуу иш-чаралардын сапатына жараша болот, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардан турак жайларды камсыздоо маселеси дагы каралып, ал үчүн жергиликтүү жашоочуларга, айрыкча өлкөнүн кооптуу аймактарында жашаган калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.