Жаңылыктар
“Мектептердеги электрондук күндөлүк” ири долбоору ишке ашат
Билим
 “Мектептердеги электрондук күндөлүк” ири долбоору ишке ашат

Билим берүү жана илим министрлиги “Мектептердеги электрондук күндөлүк” ири долбоорун дагы ишке ашырат. Ал окуу процессин автоматташтырууга багытталган. Долбоор үчүн тендер жарыяланган. Ага ата мекендик да, чет элдик компаниялар да катышуу ниетин билдиришти. Ишкананы тандоо эки аптадан кийин өткөрүлөт. Долбоорду ишке ашыруу эки бөлүктөн турат. Алгач “Электрондук күндөлүктү” киргизүүгө шарты бар мектептер тандалып алынат. Экинчи этапта болсо долбоор жалпы өлкөгө жайылтылат.
“Бардык тараптар катышат. Ата-энелер, окуучулар жана педагогдор. “Электрондук күндөлүктүн” жардамы менен баланын окуудагы жетишкендигин, сабакка кайсы убакытта келгенин, кандай баа алып жатканын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул ата-энелер үчүн. Ал эми мугалимдерге окуу процессин оптималдаштыруу үчүн маанилүү. Өзүнүн иш графигин ыңгайлаштырып, санариптик технологияны пайдаланышат”,- дейт  Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева.