Жаңылыктар
Ош шаарынын көчөлөрү мыйзамсыз курулуштардан тазаланат
Аймак
Ош шаарынын көчөлөрү мыйзамсыз курулуштардан тазаланат

Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсүнүн эки тарабы мыйзамсыз курулуштардан тазаланат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров көчөсүнүн эки тарабындагы мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери башталат. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасына ылайык, аталган көчөдөгү мыйзамсыз жана убактылуу ижара шартында берилген курулуштар бузулат.
Мындан тышкары, көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатына өз билемдик менен курулган курулуштар да алынмакчы. Бул боюнча ээлерине эскертүү берилген.
Алып салуу иштери шаарды иретке келтирүү жана жөө адамдар басуучу жолдорду кеңейтүү максатында ишке ашат.