Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты улантылып жатат. Чонбури (Таиланд) шаарында кыз-келиндер арасында бүгүн, 12-июлда 5 топтом медаль ээлерине тапшырылат.
Бүгүн килем үстүнө Кыргызстандан 3 балбан кыз чыгат. Аларды Байгазы Кенжебаев жетектеп кеткен.
Акыркы маалыматтар боюнча, кыргызстандык Нураида Анаркулова финалга чыкты.
Чемпионатта килем үстүнө чыгып жаткан кыргызстандык балбан кыздар:
57 кг чейин
1/4 финал
Нураида Анаркулова – Бхарти Багел (Индия) – 7:5
1/2 финал
Нураида Анаркулова – Thi My Trang Nguyen (Вьетнам) –Анаркулованын жеңиши
62 кг чейин
1/4 финал
Айбике Артыкали кызы – Атена Кодама (Япония) – 0:10
65 кг чейин
1/4 финал
Даяна Жакып кызы - Hsin Ping Pai (Тайбэй) – 2:4.