Жаңылыктар
Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин Бишкекке расмий сапары менен келди
Саясат
Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин Бишкекке расмий сапары менен келди

Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин Бишкекке расмий сапары менен келди. Казак өкмөт башчысын "Манас" эл аралык аба майданынан Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев тосуп алды. Мамин сапардын алкагында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы астында өтүүчү кыргыз-казак өкмөттөр аралык 8-жыйындын отурумуна катышат. Ошондой эле эки тараптуу тар жана кеңири чөйрөдө жолугушуулар өтөт. 

Тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өндурүш кооперативдеринин өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашат. Соода, инвестиция, өнөр жай, транспорт, туризм, билим берүү жана башка маселелердин учурдагы абалы жана келечеги каралат. Ошондой эле, Казакстандын Премьер-министрин Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат. Казак өкмөт башчысынын расмий сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.