Жаңылыктар
Өлкө башчы "Түкүрбө!" акциясын колдоду
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө башчы "Түкүрбө!" акциясын колдоду

Президент Алмазбек Атамбаев «Түкүрбө!» акциясын колдоду. Мамлекет башчы кол койгон буйрукка ылайык, Социалдык коргоо жана колдоо боюнча Президенттик фонддон «Түкүрбө!» акциясына каржылык көмөк көрсөтүү үчүн 50 000 сом бөлүндү. 

Өлкө башчы, жарандык демилгелер кыргызстандыктардын аң-сезиминде сапаттык өсүүлөр болуп жатканын белгилеп, өз өлкөсүн, шаарын жана айылын ардактап сүйүү коомдо уламдан улам маанилүү күчкө айланып баратканын күбөлөйт деп эсептейт.