Жаңылыктар
Ош шаарынын Шакиров көчөсү убактылуу жабылды
Аймак
Ош шаарынын Шакиров көчөсү убактылуу жабылды

Жол оңдоо ишине байланыштуу Ош шаарынын Шакиров көчөсү убактылуу 4 айга жабылды. Бул аралыкта аталган жолдун 2,5 чакырымдай аймагы толугу менен реконструкцияланат. Ремонт ишине шаардык бюджеттен 70 миллион сом каралган. Жол оңдоо ишинин алкагында негизги жолдун энин 5 метрге чейин кеңейтүү мерчемделүүдө. 

Жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, ордуна жөө адамдар өтүүчү тротуарга таш төшөлмөлөр жаткырылат. Ирригациялык лотоктор орнотулат. Быйылкы жылдагы жол оңдоо иштери үчүн калаа бийлиги казынасынан 84 миллион сом караган. Шаарда жалпы 300 чакырымда асфальт жол болсо, мунун 70 пайызын 40-50 жыл мурун пайдаланууга берилген эски жолдор түзөт.

"7 метрлик жолдун эни 12 метрге чейин кеңейтилет. Жол четиндеги мыйзамсыз курулуштар алынат. Аларга алдын-ала эскертүулөр берилген",- дейт Ош шаарынын жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов.