Жаңылыктар
Талас аймагындагы жолдорду оңдоо иши 50 пайызга аткарылды
Аймак
Талас аймагындагы жолдорду оңдоо иши 50 пайызга аткарылды

Ушул тапта быйылкы жылга мерчемделген Талас аймагындагы жолдорду оңдоо иши 50 пайызга аткарылды. Маселен Талас шаары менен Көк-Ой айылын бириктирген жолго асфальт төшөө иши учурда кызуу жүрүп жатат. Аймактагы жолчулардын иш ыргагына кабарчыбыз Салика Сариева күбө болуп келди.

Бул жер Талас шаары менен Көк-Ой айылынын ортосун байланыштарган негизги жол. Каттам 1980-жылы пайдаланууга берилгендиктен, жолдун абалы акыркы жылдары өтө эле оор абалга келип калган. Эми минтип жергиликтүү элдин көптөн күткөн мүдөөсү аткарылып, бир километр 800 метр аралыктагы жолго жаңы асфальт төшөө иши колго алынды. Иштин башталганына үч күн болду. Ал эми бул Миң-Булак-Наматбек-Бакай-Ата альтернативдүү жолу. Бул каттамда асфальт басуу иши аяктап калды. Жолчулар Суусамыр-Талас-Тараз жолунда да тынымсыз иш жасоодо. Өтмөк ашуусундагы тилкеде 3 километрден ашуун аралыкка асфальт төшөлдү. Ал үчүн 16 миллион сом каражат жумшалган.

Эске салсак, буга чейин Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Чат-Базар айылынан Талас шаарына чейинки аралыгы 3-фазанын алкагында оңдолуп бүткөн. Эми аталган жолдун Талас шаарынан кыргыз-казак чек арасына чейинки аралыгында оңдоо иштери пландалууда.