Жаңылыктар
Кыргызстан менен Казакстан өз ара товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүүнү пландоодо
Саясат
Кыргызстан менен Казакстан өз ара товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүүнү пландоодо

Расмий сапар менен келген Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана башка бир катар актуалдуу темалар талкууланды. Абылгазиев кыргыз-казак мамилелери талаптагыдай деңгээлде өнүгүп келе жатканын белгилеп, ушул жылы эки өлкөнүн президенттери эки жолу жолугушканын, өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүү, достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо зарылдыгы боюнча бир пикирге келишкенин кошумчалады. Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин Казакстан Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

«Боордош Казакстан менен стратегиялык мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз-казак мамилелери талаптагыдай деңгээлде өнүгүп келе жаткандыгын белгилөө зарыл, саясий-экономикалык диалог активдүү жүргүзүлүп жатат, баардык деңгээлдерде байланыштар түзүлүүдө, алар сөзсүз түрдө мазмундуу эки тараптуу өнөктөштүктү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ушул жылы өлкөлөрүбүздүн Президенттери эки жолу жолугушту, өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптан өнүктүрүү, достук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо зарылдыгы боюнча бир пикирге келишти. Бүгүн сиз Кыргызстанга расмий сапар менен келип жатасыз, ошондой эле ушул мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен биз Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүп жатабыз. Биз өзүбүздүн алдыбызга ири максаттарды коюп жатабыз – эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин илгерилетүүнү камсыздоо",- деди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Биз ЕАЭБ алкагында ар тараптуу иш жүргүзүп келгенбиз. Бул кызматташуунун бардык аспектилери эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө да багытталган. Бүгүнкү өтүп жаткан Өкмөт аралык кеңеш да биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин биргелешип иштеп чыгуу толук мүмкүнчүлүк бар. Өткөн жылы биз соода жүгүртүүнү өсүш менен аяктадык, ошол эле учурда, бул үчүн толук мүмкүнчүлүктү колдонбой жатабыз. Ошондуктан биз тиешелүү маселелерди карап чыгууга даярбыз. Казакстан биздин күн тартибиндеги бардык маселелерди чечүүгө даяр. Бүгүнкү жыйын өкмөттөр тарабынан коюлган эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет жана Өкмөттүн алдында коюлган тапшырма – кыска мөөнөттүн ичинде соода жүгүртүүнү жок дегенде 1 млрд. долларга жеткирүү. Бул ишке ашырыла турган маселе деп ойлойм»,- деп билдирди Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин.