Жаңылыктар
Кыргыз-казак өкмөттөр арасында бир катар документтерге кол коюлду
Саясат
Кыргыз-казак өкмөттөр арасында бир катар документтерге кол коюлду

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий визит менен келген Казакстандын Өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугушту. Бул Аскар Маминдин Казакстандын Премьер-министри болгондон кийинки алгачкы расмий визити. 

Жээнбеков Казакстан - биздин өлкөнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, "Кыргызстан - Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин биздин боордош өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча аракеттерин жогору баалайт. Президент Касым–Жомарт Токаев менен жылуу жана ишенимдүү мамилелер түзүлдү", - деп кошумчалады. Өкмөттөр аралык кеңештин бүгүнкү жыйынында сиздер бардык маселелер боюнча чечимдерди талкуулап, кабыл алууга жакшы мүмкүнчүлүгүңөр болду деп ойлойм, - деди мамлекет башчысы.