Жаңылыктар
Россияда Кыргызстандын кошумча консулдук мекемелери ачылат
Саясат
Россияда Кыргызстандын кошумча консулдук мекемелери ачылат

Россияда Кыргызстандын кошумча консулдук мекемелери ачылат. 

Мамлекет башчыларынын Москвадагы жолугушуусунда Якутск, Иркутск, Сургут жана Түштүк Сахалин шаарларында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу макулдашылды. 

Бул Россиядагы кыргыз жарандарына ар тараптан көмөк көрсөтүү жана эки өлкөнүн алакасын мындан ары да жогорулатуу максатында жасалууда.

Россияда кошумча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы. Тышкы иштер министрлиги бир нече айдан бери тиешелүү иштерди алып барууда. Эки өлкөнүн бул багыттагы сүйлөшүүлөрү соңуна чыгып, мамлекет башчыларынын деңгээлинде макулдашуу жетишилди.