Жаңылыктар
Кыргызстан - Швейцария: медициналык жааттагы кызматташтыктын жаңы деңгээли
Ден соолук
Кыргызстан - Швейцария: медициналык жааттагы кызматташтыктын жаңы деңгээли

Буга багытталган келишимге Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Швейцариянын Цюрих университетинин госпиталынын ортосунда кол коюлду. Кол коюу аземи Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга болгон расмий сапарынын алкагында өттү. Документте камтылгандай, бийик тоолуу аймактарда калктын саламаттыгына кам көрүү жаңы технологиялардын жардамы менен жүргүзүлүп, бул багыттагы илим изилдөөнү эл аралык деңгээлге чыгаруу максатын көздөйт. 


Улуттук кардиология жана терапия борборунун кызматкерлери бийик тоолуу аймактарда калктын саламаттыгына кандай кам көрүү керектигин талкуулап жатышат. Эл аралык долбоор менен Улуу Британиянын Лестер шаарынын Улуттук университетинин илимий кызматкери Марк Орме тааныштырууда.