Өзбекстандын Фергана облусунун Маргилан шаарында 3 күндүк “Улуу Жибек Жолу” маданий музыкалык-фольклордук фестивалы өтүүдө. Маданий иш-чара 20га жакын өлкөнүн башын бириктирди. Фестиваль Улуу Жибек Жолунда жашаган элдердин жашоо-турмушун, маданиятын чагылдырган маданий жана илимий иш-чаралар менен коштолууда. Ошондой эле ар бир эл өзүнүн салттуу музыкасын даңазалап, улуттук аспаптардын коштоосунда, өз таланттарын фольклор жанрында көрсөтүүдө.
“Улуу Жибек Жолу” маданий музыкалык-фольклордук фестивалы Өзбекстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Эл аралык маанидеги иш-чара аркылуу Жибек жолу байланыштырып турган мамлекеттердин ынтымагын достугун бекемдөө башкы максат дешет уюштуруучулар.
Фестивалга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунан да коноктор чакырылган. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү фестивалдын расмий ачылуу аземине күбө болушту. Ал эми маданият кызматкерлери Баткен облусунун атынан өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Жалпы 20га жакын өлкөнүн башын бириктирген маданий иш чара үч күн бою уланат. Фестивальдын экинчи күнүндө ар бир өлкөнүн өнөрпоздору өз өлкөсүнүн салттуу музыкасын даңазалап, улуттук аспаптардын коштоосунда таланттарын фольклор жанрында көрүүчүлөргө тартуулашат.
“Улуу Жибек Жолу” маданий музыкалык-фольклордук фестивалынын жүрүшүндө коноктор Өзбекстандын тарыхый жерлери менен да таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул кошуна өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүү жана Улуу Жибек жолу тууралуу кеңири тааныштыруу максатын көздөйт.