Жаңылыктар
Чүйдө гектарлаган эгин талаасы күйүп кетти
Кырсык
Чүйдө гектарлаган эгин талаасы күйүп кетти


Чүйдөгү Петровка айылында 322 гектардан ашуун эгин талаасы күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында өрт чыкканы тууралуу кабар 8-июль күнү түшкү саат экиден өтүп жеткен. Анда айылдын ачык аянтында арпа күйүп жатканы тууралуу айтылган. Өрттү өчүргүүгө 14 кызматкер, төрт трактор тартылган. Ага карабай 322,10 гектар жер күйүп кеткен, анын ичинен 152,71 гектары чабылган арпа болсо 169,39 гектары чабыла элек арпа болгон. 

Өрт толугу менен 17:30га жакын өчүрүлгөн. Адын ала маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 20дай жергиликтүү ишкер жабыркаган. Алар өрт болордун алдында ошол аймактан жүргүнчү ташыган поезд өткөнүн айтышкан.