Жаңылыктар
Түзөтүү абагына баңгизат алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды
Кылмыш
Түзөтүү абагына баңгизат алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды

Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына 3 килограммдан ашуун баңгизат алып кирүүгө аракет кылган деген шек менен 25 жаштагы киши кармалды. Бул маалыматты Чүй облустук милициясы таратты. Анда баңгизат ташыгыч абактын коргонунан кармалгандыгы айтылат. Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү шектүүнү 13-июлда түнкү саат 01:25 чамасында колго түшүргөн.

Аны текшергенде буюмдары менен кошо жети таңгакчанын ичинен күрөң түстөгү зат табылган. Нашаанын салмагы 3 килограмм 395 граммды түзгөн. Учурда экспертиза дайындалып, сотко чейинки иликтөө иштери башталды. Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилди.