Жаңылыктар
Таттыбүбү Турсунбаеванын көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак
Маданият
Таттыбүбү Турсунбаеванын көзү тирүү болгондо 75 жашка чыкмак

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын туулган күнүнө карата эстелигине гүл коюлуп, эскерилди. Анын атын алып жүргөн гүлбакчага маданият жаатынын өкүлдөрү, жакын туугандары келишти. 

Эске салсак, актриса 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Ал 16 жашында алгачкы ирет “Салиманын ыры” фильмине тартылган болчу. Көп өтпөй Александр Островский атындагы Ташкент мамлекеттик көркөм-театралдык институтуна тапшырган. Үч жылдан соң Кыргыз мамлекеттик академиялык театрынынын чыгармачыл тобуна кошулган. Турсунбаева - Лопе де Вега, Уильям Шекспир, Чыңгыз Айтматов жана башкалардын чыгармалары боюнча 30 дан ашык ролдорду ойногон. Актриса 1981-жылы 21-декабрда 37 жаш курагында каза болгон.