Кыргызстанда 453 айылдык кеңеш бар болсо, анын 86сында бир дагы аял депутат жок. Жалпы эсепке алганда өлкөдөгү айылдык кеңештердин 10 пайызын гана аялдар түзөт. Мындай маалымат Таласта өткөн демилгелүү элет аялдарынын тобун тузүүдө айтылды. Белгилей кетсек, элеттеги демилгелүү топ биринчи кезекте айылдагы аял дарды лидерликке үйрөтөт. Элеттик активист айымдар өткөн айда Жогорку Кеңеште жактырылган мыйзам долбоору жакын арада күчүнө кирет деп үмүт кылышууда. Ал эмне болгон мыйзам, элеттик аялдарды канчалык колдойт?
Наргилия Турарбекова Бакыян айылынын тургуну. 3 баласы бар. Бир канча жылдан бери өз үйүндөгү бир бөлмөнү чачтарач кылып иштетип, айылдагы улуу-кичүүнүн кызматына даяр. Бул жерден күнүнө жарамдуу акча каражат топтолуп калат.
Элетке кызмат кылып жаткан чачтарач Айылдык ден соолук комитетинин грантына ачылган. Бул долбоорду утуп алган Гүлмира Базарбаева айылдык кеңештин 3-жолку депутаты.
Гүлмира Базарбаева айылда 8-9 долбоорду ишке ашырып, айылга инвестиция тарткан жактан айылда эч кимди алдына салдырган жок. Анын максаты- Бакыян айылындагы аялдарды коомдук турмушка активдүү катышууга үйрөтүү. Аны менен элет аялдарынын билимин жок дегенде бала тарбиялоого, ден-соолукту сактай билүүгө үндөө. Каарманыбыздын мындай аракетине жакында Жогорку Кеңеште 3 окууда жактырылган мыйзамдолбоору чоң колдоо болот деп ишенет. Ал мыйзам долбоорго ылайык, айылдык кеңештерде аялдарга 30 пайыз квота берилет.
Тилекке каршы, Таласта айылдык кеңештерде аялдардын саны чеке жылытарлык эмес. Ошондуктан аялдарды колдогон мыйзам күчүнө кирсе да дароо ишке ашып кетиши арсар, себеби, эң ириде элеттик аялдардын өздөрүн ойготуу, окутуу керек.
Адистердин иликтөөсү боюнча айым депутаттар катышкан маселе элетте жеңил жана билимдүлүк менен чечилип келгени аныкталган. Бүгүнкү күндө Таластагы мекемелердин жетекчилигинде 80-85 пайызы эркектер ээлеп олтурат. Аялдын мекеме жетекчиси же айылдык кеңештин депутаттыгына эркектер катары ат салышуусуна үй-шарттардан тышкары, калк арасындагы стереотиптер чоң тоскоолдук кылышат.