Жаңылыктар
Кыргыз-кытай ортосундагы аскерий ишеним
Чек ара
Кыргыз-кытай ортосундагы аскерий ишеним

Кыргыз-кытай чек арасындагы туруктуу мамиле эки өлкөнүн аскерий ишенимдерин бекемдөөнү арттырды. Мындай пикир Шанхай кызматташтык уюмуна кирген беш мамлекеттин чегара аймактарындагы аскердик ишенимди бекемдөө боюнча кабыл алынган макулдашуунун жыйырма жылдыгына карата өткөн иш-чарада айтылды. 

Кытай Эл республикасынын элчилиги уюштурган жолугушууга өлкөдөгү Казакстан, Тажикстан Россиянын элчилери жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. Тараптар чегара аймактарындагы абалды жакшырткан макулдашуунун маанилүүлүгүнө токтолду. 

Мындан тышкары, дал ушул документ 2001-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлүшүндө түпкү ролду ойногон дешет. Белгилей кетсек, бул макулдашуудан кийин, 1997-жылы Россияда ушул беш мамлекет ортосунда чегарадагы аскерлерди азайтуу боюнча документке кол коюлган. Бул коңшулар бири бирине ишеним артканынан кабар берет.