Жаңылыктар
Швейцария дүйнөдөгү эң туруктуу мамлекеттердин бири
Саясат
Швейцария дүйнөдөгү эң туруктуу мамлекеттердин бири

Узап бараткан апта өлкөнүн тышкы саясатына байланышкан окуяларга жана сапарларга бай болду. Анын бири президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына жасаган расмий визити. Бул өлкөнүн президенти Ули Маурер Сооронбай Жээнбековду расмий сапар менен келип кетүүгө мындан жарым жыл мурун чакырган эле.

Швейцария дүйнө жүзүндө эң өнүккөн мамлекеттердин бири. Ички дүң өнүмүнүн көлөмү 680 млрд долларды түзөт. Өлкөнүн негизги экономикалык өнүгүүсү банк иши жана чет элдик каржы капиталын жүгүртүүдөн турат. Сөз эркиндиги, парламенттик демократияны бекемдөө жагынан бүткүл дүйнөгө үлгү экенин белгилесек болот. Ага катар билим берүү, саламаттыкты сактоо, дегеле калктын социалдык экономикалык абалы боюнча бакубат өлкө деп табылган.