Жаңылыктар
Казакстан менен стратегиялык алаканы бекемдөө иши колго алынды
Саясат
Казакстан менен стратегиялык алаканы бекемдөө иши колго алынды

Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири-Казакстан менен стратегиялык деңгээлдеги өз ара алаканы бекемдөө. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Иш-чарага 12-июлда Кыргызстанга расмий сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин да катышты. Ал жыйында кабыл алынган келишимдер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык алаканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу айтсак, Кыргызстан менен Казакстан товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард доллларга жеткирүү тапшырмасын коюшту. Өкмөт башчылары бул максатты келерки жылы ишке ашырууну көздөп жатышат. Мындан сырткары жалпы эле эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын чыңдоогө өзгөчө басым жасалмакчы.