Жаңылыктар
Кылым чуусу: ЖЭБге байланышкан жемкорлук
Коррупция
Кылым чуусу: ЖЭБге байланышкан жемкорлук

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүүлөр уланууда. Акыркы эки жумадан бери кылмыш иши боюнча күбөлөр көрсөтмө берип, улам бир жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Маселен, “Электр станциялар” ачык акционердик коому кытайлык ТБИА компаниясы менен ЖЭБди оңдоп түзөө боюнча келишим түзүүнүн алдында анын майда барат маселелерине чейин талкуу жүргүзүү үчүн жыйынга чогулушу керек болчу. Бирок бул талап да аткарылган эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрага орун басары Бакыт Шаршеналиев билдирди.

Ал эми Бишкек ЖЭБинин модернизациясындагы коррупция фактысы боюнча айыпталып жаткандар мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчилери жана башка бир катар чиновниктер өтүүдө. Жылуулук борборун оңдоп түзөөдөгү жемкорлуктан мамлекет 111 млн доллар зыян тартканын буга чейин тергөө аныктап чыккан.