Жаңылыктар
Жаңы мектептерди жана кошумча имараттарды куруу үчүн каражат бөлүндү
Билим
Жаңы мектептерди жана кошумча имараттарды куруу үчүн каражат бөлүндү

Коррупцияга каршы күрөштөн бирдиктүү эсепке келип түшкөн каражаттан жаңы мектептерди жана кошумча имараттарды куруу үчүн 799 млн сом бөлүндү. Бул каражатка 15 мектептин жаңы имараттары Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында курулуп, азыркы учурда каражаттын биринчи бөлүгү- 15 млн сом бөлүнүп берилди. Келечекте каражаттар билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги курч турган республиканын бардык аймактарына берилет.

Эгер статистикага токтолсок, Кыргызстанда 200гө жакын мектеп авариялык абалда деп эсептелет, иш жүзүндө кооптуу абалда турган мектеп имараттары да көп экени белгилүү. Мамлекеттик мектептерде болсо окуучулардын саны белгиленгенден бир нече эсеге көп. Бул албетте сапаттуу билим алууга терс таасирин тийгизет.