Жаңылыктар
Ооганстандын Бадгис провинциясындагы кол салуудан төрт адам мерт кетти
Дүйнө
Ооганстандын Бадгис провинциясындагы кол салуудан төрт адам мерт кетти

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадгис провинциясындагы мейманканага кол салуудан төрт полиция кызматкери жана эки жай турган каза болду. 

Кол салуу мындан беш күн мурун Катарда өткөн «Талибан» менен ооган өкмөт өкүлдөрүнүн тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөрүнөн соң болуп жатат. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Нусрат Рахиминин айтымында, 13-июлда түшкө маал беш согушкер мейманканага кирип барып кол салган. 

Коопсуздук күчтөрү менен атышта алардын үчөө өлтүрүлүп, экөө колго түштү. Атыш маалында төрт полиция кызматкери жана мейманкананын эки коногу окко учту.