Жаңылыктар
Ош: “Жаш ойлоп табуучулар” олимпиадасынан окуучулар байгелүү кайтты
Билим
Ош: “Жаш ойлоп табуучулар” олимпиадасынан окуучулар байгелүү кайтты

Ош шаарындагы мектеп окуучулары Казакстанда жана Малайзияда өткөн олимпиадалардан байгелүү кайтты. 12 өлкөнүн балдары чакырылган “Жаш ойлоп табуучулар” олимпиадасына Кыргызстандан 30 окуучу барган. 

Алар компьютердик, илимий жана робот техникасы категориялары боюнча күч сынашкан. 3 алтын, 8 күмүш жана 6 коло медаль менен мекенине кайткан кыргызстандык жаш илимпоздорду Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев куттуктап, сыйлык тапшырды. 

Калаа башчы, жаш илимпоздорду ийгилиги менен куттуктап, келечекте чоң илимдин ээси болооруна ишенээрин билдирди. Эгиздер Жаныш жана Байыш Акматовдор кадимки эле тиш тазалоочу каражатын турмушта колдонулушун жактап беришкен.