Жаңылыктар
Зеленскийдин кортежи балдарды ташып бара жаткан автобус менен сүзүштү
Кырсык
Зеленскийдин кортежи балдарды ташып бара жаткан автобус менен сүзүштү

Украина президенти Владимир Зеленскийдин кортежиндеги унаа балдарды ташып бара жаткан автобус менен сүзүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Кырсык 14-июлда Запорожская облусунда болду. 

"Балдарды эс алуудан алып келе жаткан автобустар колоннасын президенттин кортежиндеги "Volkswagen Touareg" үлгүсүндөгү эки жеңил унаа жана коопсуздук кызматынын бир автобусу озуп өтүүгө аракет кылган. Ошол маалда бир жеңил унаа менен балдар бара жаткан автобус сүзүшкөн. Жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта. 

Киевге бара жаткан кортеждин ичинде президент Зеленский өзү болгон эмес. Анткени ал учак менен кеткен.