Жаңылыктар
Красноярск шаарында 18 жаштагы кыргызстандык улан сууга чөгүп каза болду
Кырсык
Красноярск шаарында 18 жаштагы кыргызстандык улан сууга чөгүп каза болду

Россиянын Красноярск шаарында 18 жаштагы кыргызстандык улан сууга чөгүп каза болгондугун  «Новости Красноярска» басылмасы жазды.  Маалыматка ылайык,  окуя   аймакка  жумуш боюнча барган кыргызстандык жигиттер эс алып жатканда болгон.

Алардын бири  18 жаштагы жигит дарыядан сүзүп өтүүгө аракет жасап, бирок аны суу агызып кеткен. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк жаш жигиттин денеси жээкке чыгып, аны эс алуучулар тапканы тууралуу маалымат түшкөн.