Жаңылыктар
“Ысык-Көл досторду чогултат” аталыштагы этнокарнавал старт алды
Маданият
“Ысык-Көл досторду чогултат” аталыштагы этнокарнавал старт алды

Ысык-Көлдө “Ысык-Көл досторду чогултат” аттуу Эл аралык этнокарнавал башталды. “Барчын” балдар спорттук ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп жаткан иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстандан меймандар келишкен.  

Максат - Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн сактоо, достук мамилелерди өнүктүрүү, балдардын музыкалык, вокалдык жана хореографиялык жөндөмүн өнүктүрүү болуп саналат.