Жаңылыктар
Эл аралык "Оймо" фестивалы 25-июлда башталат
Маданият
Эл аралык "Оймо" фестивалы 25-июлда башталат

25-июлда Бишкек шаарында  эл аралык "Оймо" фестивалы башталат. Фестиваль  29-июлдан 4-августка чейин  Чолпон-Ата шаарында уланат. 

Иш-чарага  Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан, Грузия, Россия, Индия жана башка өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөрү катышат.  Максат – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу,  Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу  болуп саналат.  

Программа боюнча катышуучулар алгачкы күнү парадга басышат. Андан соң балдар жана чоңдор үчүн кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, жергиликтүү жана чет элдик дизайнерлерден мода көргөзмө сунушталат.