Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин карьерасын Белоруссиянын чемпионатында улантат.
Кураманын коргоочусу 2018-жылы коло медалдын ээси болгон минскилик «Динамо» клубуна өттү. Жаңы клубда Валерий Кичин оюн талаасына 12-номерде чыгат. 11-июлда «Динамо» клубу латвиялык «Лиепая» клубу менен беттешип, оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталган.
Жооптук беттеш 18-июлда Минск шаарында болот. Белоруссиянын чемпионатында «Динамо» клубу турнирдик таблицада 6-орунда турат.