Жаңылыктар
Парламенттик делегация Түркияга расмий иш сапары менен кетти
Саясат
Парламенттик делегация Түркияга расмий иш сапары  менен кетти

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркияга   расмий иш сапары  менен кетти.   

Иш сапардын алкагында Дастанбек Жумабековдун  Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө. 

Ошондой эле, Жогорку Кеӊештин Төрагасы «15-июлдун курмандыктарын» эскерүүгө арналган иш-чарага да катышат.  Андан тышкары, кыргыз парламентинин делегациясы Изник шаарынын жанында жайгашкан Кыргыздар күмбөзүнө барат.  

Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.