Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабында быйылкы жылдын туристтик мезгилине кам көрүү маселеси талкууланды. Бул иш-чарага туризм тармагына тиешеси бар болгон мекемелердин, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана Кыргызстандагы туроператорлор катышып, тыгыз кызматташуу боюнча сүйлөштү. Актуалдуу маселелер көтөрүлүп, аны чечүүнүн жолдору талкууланды.
Катышкандар туризмди өнүктүрүүдө Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киришинин ролу өтө маанилүү болгондугун белгилешти.
Бул өлкөлөрдөн келе турган туристтерге жөнөкөйлөтүлгөн шарттарды түзүү алардын агымын көбөйтөт. Ошондуктан чек ара кызматы көзөмөл-өткөрүү жайларында туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн бир катар иш-аракеттерди жүргүзүп жатканы айтылды.
Жыйындын соңунда катышкан тараптар мындан ары өз ара тыгыз байланышты камсыз кылып, өз аракеттерин макулдашып туруу чечимин кабыл алышты.