Кара-Бак айыл өкмөтүнүн алыскы Зардалы айылынын тургундары 2016-жылы ашар жолу менен баштаган көпүрөнү куруп бүтүштү. Катуу келген селден улам аталган айылдын жашоочулары район борборуна каттоочу буга чейинки жалгыз көпүрө жараксыз болуп калган эле. Зардалы айылына унаа каттоочу жол жылына 3 ай гана ачык болгондуктан, жергиликтүүлөр аска-таштардын арасынан дарыя бойлой кеткен чыйыр жол менен жөө катташат. Мындан улам зардалылыктар үчүн бул көпүрөнүн мааниси чоң.
Район борборунан 100 чакырым алыста жайгашкан Зардалы айылына 2 гана жол менен барууга болот. Бийик ашууларды ашып, унаа менен баруучу жол жай айларында гана каттоого мүмкүн болсо, аска-таштардын арасынан дарыя бойлой жөө баруучу чыйыр жол гана жергиликтүүлөрдүн негизги байланыш жолу. Ал да көчкү, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабылып калат. Дарыяны кесип өткөн жалгыз көпүрөнү 2016-жылы сел жараксыз кылып, ашар ыкмасында жаңы көпүрөнүн курулушу башталган.
2016-жылы жол каттамы үзүлгөн жергиликтүүлөр көпүрөнү тез арада калыбына келтирүүнү колго алышкан. Өкмөт тарабынан 1.5 млн сомдук курулуш материалдары берилген. Калган жумуштарды эл ашар ыкмасында баштап, Урайим Дилшатовдун демилгеси астында ишке ашкан. Агымы күч дарыянын үстүнө көпүрө салуу оңой болбогонун айтат.
Абдулашим Мусаев Кара-Бак айылындагы жаштарды уюштуруп, көпүрөнүн курулуш иштерине жумушчу күчтөрдү жиберип турган. Мындан сырткары чет жактардагы иштеп жүргөн жаштардан акча каражаттарды да өзү бөлүштүрүп турганын айтат. Жергиликтүүлөр 12 метр узундуктагы көпүрөнүн курулушу үчүн эч кандай техника пайдаланышкан эмес. Анткени, кууш жерге техника да бара албайт. Кылдаттык менен темирлерди кураштырып, дарыянын аркы жээгине кошушкан. Көпүрөнү курууда ширетүү иштерин жасаган маркум Урайим Саркаровдун аты көпүрөгө ыйгарылды.
Зардалы айылында мындан 470 жыл мурда адамдар отурукташа башташкан. 1958-жылдары Советтик бийлик көчүрүү аракеттерин көрүп, жол курулган. Зардалылыктар азыркы Кара-Бак айылына отурукташып, дагы деле ата конушун таштабай келишет.