Жаңылыктар
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алгачкы бейтапканасы ачылды
Ден соолук
 Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алгачкы бейтапканасы ачылды

Ал эми Бишкекте жагымдуу жаңылык болду. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алгачкы бейтапканасы ачылды. Ал бардык багытта кызмат көрсөтөт. Бул жерден Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери, ардагерлери жана алардын үй-бүлөлөрү дарылана алат. Медициналык мекеменин ачылышына өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Кызматкерлерге жакшы шарт түзүлсө, иш илгерилейт. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери эми медициналык тейлөөнү иштеген жеринен ала алышат. Мекеменин тарыхында биринчи жолу госпиталь ачылды. Ачылыш салтанатына Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Жазаларды аткаруу кызматынын иши башка укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө караганда түйшүгү оорураак, - деди кызматтын жетекчиси Мелис Турганбаев. Кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтире турган жумуш көп. 

Окулист, терапевт, гинеколог, уролог, хирург. Баары болуп 40тан ашык адис иштейт. Ар бир бөлмөдө заманбап жабдыктар коюлган. Оорукана бир жылда 15 миңден ашык адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Медициналык мекеме бүгүндөн баштап ишке кирди.