Жаңылыктар
Өндүрүшчүлөр үчүн мөмө-жемишти экспорттоо мүмкүнчүлүк кеңейди
Экономика
Өндүрүшчүлөр үчүн мөмө-жемишти экспорттоо мүмкүнчүлүк кеңейди

Мына ушундай чакан жана кичи бизнестин деңгээлин жогорулатуу, мөмө-жемишти экспорттоодо эл аралык стандартты жана техникалык регламентти сактоо үчүн Швейцария 960 миң доллардан ашык каражат бөлөт. Долбоорду ишке ашыруу тууралуу документке эки өлкөнүн өкмөттөрү Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга жасаган расмий визити учурунда кол коюшту.

Кыргызстан Европанын базарына 6 миңден ашык товарды бажы төлөмүсүз жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берген ВСП+ макамын 2016-жылы алган.

Бирок ВСП+тун алкагында экспорттун көлөмү анча чоң эместигин экономика министрлиги мойнуна алат. Бул географиялык алыстыгы менен эле эмес, биринчи кезекте Европа базарынын жогорку сапаты менен байланыштуу.
Ушундан улам, кыргызстандык өндүрүшчүлөр ВСП+тун мүмкүнчүлүгүн толугу менен пайдалана албай келет. Эми көйгөй акырындык менен чечилет. Швейцария өкмөтүнүн каржылоосунда чакан жана орто ишканаларга атаандаштыкка туруштук берүүсү үчүн продукциясынын сапатын жогорулатууга колдоо көрсөтүлөт.
Тиешелүү документке эки өлкөнүн өкмөттөрү президенттин Швейцарияга жасаган сапарында кол коюшту.
Президенттин расмий сапарынын алкагында кыргыз-швейцар бизнес форуму да өттү. Кыргызстан тараптан катышуучулардын бири Тилек Токтогазиев, атамекендик өндүрүшчүлөрүнүн жана агрардык бирлигинин альянсынын ишмердүүлүгүн тааныштырды.
Швейцарияда ишкерлер улуттар аралык "Нестле" корпорациясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Корпорациянын жылдык кирешеси 13 млрд долларды түзөт.

Баары ойдогудай болсо, келечекте Кыргызстанда мөмө-жемиштерди, сүт азыктарын, эт, дан жана башка өсүмдүктөрдүн жанчылган түрүн чыгара турган завод курулат. Натыйжада, атамекендик фермерлер мөмө-жемишти башка мамлекетке экспорттобой, баанын өзгөрүүсү, чек ара жабылды деген көйгөйдөн көз каранды болбой калышат.

Долбоор тууралуу белгилесек, ал жалпысынан айыл чарба, өндүрүштүн техникалык дараметин жана Улуттук инфраструктуранын системасын жогорулатат. Максатты ишке ашыруу үчүн Швейцария өкмөтү 968 миң 180 доллар бөлөт.